Ырчы Ильгиз Абдалиев жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисти, кылкыякчы Гүлнара Сыдыкбекова оор илдетке чалдыкканын жана өмүрү коркунучта экенин жазып, жардам сурады:

“Урматтуу, жалпы кыргыз эли, чыгармачылыктагы кесиптештер! Гүлнара Сыдыкбекова эжекебиз көп жылдан бери ушундай жаман ооруга чалдыгып, өмүрү менен алышып келе жатат. Азыркы учурда абалы оор, өтө кыйын акыбалда турат. Ага операция жасатууга көп суммадагы акча керек болуп жатыптыр. Операцияны тез арада жасатпаса болбой турган кези. Шоу чөйрөдөгү кесиптештер бир аз да болсо колубуздан келишинче жардам берели деп эжеге Элсом ачтырдык. Сиздерди колдоп-коштоп кетет деген үмүттөбүз”,-дейт ал.