Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат кызматкеринен COVID-19 аныкталгандыктан, имарат толугу менен дезинфекцияланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

«Аппарат кызматкерлеринин биринен вирус чыккандыктан, бүгүн, 22-июнь күнү, бардык кабинеттер, жыйындар залы жана коридорлор тазаланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам бейтап менен байланышта болгондор изоляцияга алынды. Башка кызматкерлер дагы аралыктан иштей баштады.