Бишкек шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарып жатат. Буга чейин мэр Азиз Суракматовго коронавирус оорусу жукканы айтылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, шаардык жана ыкчам штабдар штаттык режимде иштеп жатат. Райондук администрациялар, бардык мекемелер шаарга жана шаардыктарга кызмат көрсөтүүлөрдү улантууда.