Мекенибизде турмуштун түйшүгү улуу-кичүү деп ылгабай, түгөл түйшүккө салып турган маал. Элибиз сыноолору күчтүү ушул мезгилде жашоо камылгалары менен алек болуп, мезгил агымы менен алга карай арыштоодо. Коомубуздун тынчтыгы үчүн алпурушкан атуулдарыбыздын дагы түйшүк санаалары арбып  турган учур. Өлкөбүздүн бейпилчилиги, коомубуздун коопсуз жашоосу үчүн тыныгууну унуткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин арасында дал ушундай улуу вазийпасын өтөп жаткан  атуулдарыбыздын саны арбын. 25 жылдан бери бул тармакта абийирдүүлүк менен кызмат өтөп алдыңкылардын сабында келе жаткандын бири — Кожошев  Жанар Токтобекович. Каарманыбыз ушу тапта КР ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын оорук башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги.

Атам “кичинекей милиса” деп койчу

-Жанар Токтобекович мугалим менен медицина кызматкеринин үй – бүлөсүндө жарыкка келиптир. “Кичинеңде тигини кармап кел десе, кылмышкерди кармагандай барып баса калчу элең. Ошондон улам биз сени кичинекей милиса деп  койчубуз” –деп атам раматылык  тамашалап көп айтчу эле”-дейт Жанар мырза. Пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында болот демекчи,  атасы айткандай уулу азыр милиция кызматкери. Ата катары балдарынын орган кызматкери, аскер адамы болушун каалаганбы айтор кичинесинен балдарын жоокердей тарбиялап, талапты катуу койчу тура. Турмуштан өз ордун тапкан уул-кыздары ошондогу атасынын берген тарбиясына азыр ыраазы. Жеке эле Жанар Токтобекович эмес, анын улуу агалары да аскердик окуу жайларды аяктап, учурда мекенге кызмат өтөшүүдө. Аганы көрүп, ини өсөт дегендей, ошол агаларынын жүрүм-турумуна, аскердик кийимдерине суктанып, шыктанып жүрүп аскер адамы болуп калган Жанар мырза бул кесиптин ээси болгонуна өкүнбөйт. Бардык тепкичтерди басып отуруп, учурда ИИМдин Ички аскерлеринин оорук башкармалыгына башчылык кылууда. Жашоодогу ийгиликтерине, жетишкендиктерине ата-эне, бир тууган, үй-бүлөсүнүн салымы чоң деп билет.

Мыкты кадрларды даярдоонун аракетиндемин

— 1994-жылдан бери аскердик кызматта эмгектенип келе жаткан Жанар Кожошев эмгек жолун катардагы жоокерден баштап, кийин бөлүктүн, взводдун командири, кызмат башчысы, аскер бөлүктүн оорук боюнча командиринин орун басары, аскер бөлүктүн командири болуп отуруп азыркы кызматка жеткен. Алгач ОшТУнун  “Финансы жана кредит” бөлүмүндө окуган маектешибиз кийин Санкт-Петербургдагы  Коргоо министрлигинин жогорку Материалдык техникалык камсыздоо аскердик академиясынын, “Оорук башкаруу” кесибин кызыл диплом менен аяктаган экен. 1994-жылы мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып, Ош шаарындагы ИИМдин ИАнын атайын милиция бөлүгүндө кызмат өтөйт. Аскердик кызматты аяктаган соң мөөнөттөн сырткары келишим кызматын уланткан  “Ошондогу командирлерибизге, офицерлерге  таазим этип, рахмат айтам. Алардан алган билимди, тажрыйбаны күнүмдүк кызматта, турмушта колдонуп, бизден кийинки муундарга, жаш офицерлерге өткөргөнгө аракет кылам. Кызмат мени аскердик бир туугандыкка, мекенчилдикке, достукка бекем болууга, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаганга үйрөттү. Даярдыгы, аскердик тартиби жакшы офицерлер, прапорщик, сержанттар ар дайым баага татыйт. Ошол себептен жакшы кадрларды өстүрүп, даярдоого салымымды кошуунун аракеттиндемин” –дейт.

 БААЛАНГАН ЭМГЕК ИШТИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТЫП, ИШЕНИМ БЕРЕТ 

-Каарманыбыз ИИМдин Ички аскерлеринин оорук башкармалыгынын башчысы катары кызмат кылып жатканына жакында бир жыл болот.  Оорук башкармалыгы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын командачылыгынын курамында. Колбашчынын материалдык — техникалык камсыздоо боюнча орун басарына баш ийет.. Оорук башкармалыгы  негизинен аскер бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын камсыз кылуу максатында материалдык каражаттар менен камсыздоодогу иш-чаралар комплексин уюштуруу болуп эсептелет. Жөнөкөй тил менен айтканда аскерлерди азык-түлүк, кийим-кече жана техникаларды күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздайт.

Жанар Токтобековичтин айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө жалпы эле ИИОнун кызматкерлеринин, ИКАКнын аскерлеринин социалдык абалы жаман эмес. Алган маяналары  үй-бүлөнүн муктаждыгына толук кандуу жетпесе да камсыз кылууга жетет. ИИМ былтыр ИИОнун кызматкерлеринин социалдык маселесин жакшыртууда алгылыктуу аракеттерди көргөнү бардыгыбызга белгилүү. Бардык кызматкерлерге толук шарт түзүү кыйын. Ошентсе да мындагы кызматкерлер келечекте жакшы өзгөрүштөр болооруна ишенишет. Аз да болсо айлык көбөйүп, батирлер берилип, үйлөр курулуп жатканы жана күн-түн дебей, оор, опурталдуу кызматтагы мээнеттери жетекчилик тарабынан бааланышы иштин сапатын жогорулатып, стимул берээрин жашырышкан жок.

Кийимдерибизди өзүбүз тигип алабыз

“ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы, жогоруда айтылгандай, кайрадан жаңы тузүлгөнүнө  бир жыл болгондуктан, материалдык базасы бүгүнкү күндө жаңыдан толукталып жаткан кези. Кемчиликтер албетте арбын. Бирок, ага карабай, аскер бөлүктөрүн жана жалпы эле өздүк курамдын толук кандуу камсыздоосун уюштурууну биринчи орунга коюп, аткаруудабыз.  Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты туура жана сарамжалдуу колдонуу максатында, колбашчынын чечими менен, өздүк курамга аскердик кийимди 717-камсыздоо аскер бөлүктүн тигүүчү цехинин күчү менен өзүбүз тигип алуудабыз. Учурда  өздүк курамды сапаттуу аскердик талаа, күнүмдүк форма, жылуу кийим-кечелер, шейшеп-төшөнчүлөр жана башка мүлк менен өзүбүз камсыздоодобуз”-дейт маектешим.

Бир жоокердин бир күндүк  тамагы канча сом?..

Жанар Кожошевдин  бизге берген маалыматында ИИМдин ИКАКнын аскер кызматкерлерин кийим-кече менен камсыздоо боюнча тийиштүү буйруктары бар. Анда аскердик кийим-кече менен камсыздоо нормалары буйруктун негизинде бекитилип, канча убакытка берилээри толук көрсөтүлгөн. Азыркы тапта өздүк курам ИКАКнын жаңы үлгүсүндөгү кийимдер менен камсыз болуп жатышыптыр.  Өздүк курам ар дайым эл арасында коомдук тартипти камсыз кылуу кызматын аткаргандыктан, алардын кийимдеринин  сапаты, өңү  кылдаттык менен иштеп чыгылышы  дагы оорук башкармалыгынын адистери тарабынан аткарган чоң жумуш тура.

Ар бир аскер бөлүктө ашкана бар. Мында нормасы менен тамактар даярдалат. Өздүк курам сапаттуу, тоюмдуу, калориялуу жана даамдуу тамактар менен азыктанышат. Атап кетсек нормада нан, акшактар, жашылча-жемиштер, колбаса, быштак, жумуртка, сүт, эт, балык жана дагы башка организмге керектүү зат, витаминдерди камтыган азык-түлүктөр каралган.  Күнүгө бир жоокерге берилген үч маал ысык тамактын баасы орто эсеп менен 200-220 сомду түзөөрүн баамдадык.  Баа азык-түлүктөрдү сатып алуу бааларына карап өзгөрүп турат. Мындан сырткары кошумча тамак-аш уюштуруу максатында аскер бөлүктөрдө көмөкчү чарбалар уюшулуптур. Майрам күндөрү өздүк курамга майрамдык тамак аштар даярдалып берилет экен.  

Техникага муктаждык бар

Жанар мырза “аскердик курал, күжүрмөн жана авто техникалар, инженердик, химиялык жана байланыш каражаттары менен камсыздоо биздин башкармалыкка тиешелүү. Ал эми аларды сатып алуу, эсебин чыгаруу жана тейлөө башка башкармалыктын иши.  ИИМдин ФЧКББ тарабынан керектүү материалдык каражаттар менен камсыздоодо жардамдар берилип турат”-дейт. Анын айтканына таянсак, учурда бардык аскер бөлүктөр керектүү каражаттар менен толук камсыз болуп, материалдык базаны жаңыртуу максатында дагы кошумча иш-чаралар уюштурулуп жатыптыр. Бардык аскер бөлүктөр жүк ташуучу, адам ташуучу жеңил унаалар менен жана автобустар менен камсыз болушуптур. Алардын тейлөөсү бир жылда эки жолу жаз-жайкы жана күз-кышкы мезгилдерге карата өткөрүлөт экен. Иш жүргөн жерде көйгөй да болбой койбойт эмеспи, анын сыңарындай, эсептеги  унаалар албетте күжүрмөн кызматтарды, башка кызматтык тапшырмаларын аткарууга, камсыздоону уюштурууга жетиштүү эмес. Өзгөчө жүк жана адам ташыган унааларга муктаждык бар.

Материалдык базаны  күчтөөгө аракеттер көрүлүүдө

— Жанар мырза маек алкагында ИКАКнын материалдык базасы заман талабына жооп берерин билдирди. “Техникаларыбыз, имараттарыбыз жана башка материалдык каражаттарыбыз иштөө жана колдонуу  убактысы узак болгондугуна карабай, оң абалда. Буйруса, аларды жаңылоо маселеси да чечилет деген ишенимдемин. Ал эми биз тараптан бар мүлкүбүздү туура колдонуп, өз убагында тейлеп, оңдоп туруу боюнча иш-чараларды аткаруу керек.  Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы, анын орун басарлары тарабынан аталган маселе боюнча орчундуу иш-чаралар, өз ара сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамынын жашоо шарттарын оңдоо, жакшыртуу, камсыздоону жогору деңгээлде уюштуруу боюнча да аракеттер зор”-деген оюн айтты.

Балдарым жана балык кармоо — чарчоомду жазат

-Маектешибиздин баа жеткис байлыгы анын кичи мамлекети.  Өмүрлүк жары Замира айым үй кожойкеси. Балдарга тарбия берип, үй-бүлө очогун бекемдөөдө орду чоң. Түйшүктүү жумушун түшүнүү менен карап, ар дайым жанында жөлөк болүп, турмуштун ысык-суугуна бирдей чыдап келе жаткан жубайына Жанар мырза  ыраазы. Экөө учурда беш баланын бактылуу ата-энеси. Ата сырткы, апа ички тон дегендей, балдардын тарбиясы Замира айымга жүктөлгөн. Анткени, Жанар мырзанын жумуштан колу бошобойт. Ошентсе да эс алуу күндөрү болобу же жумуштан кийин болобу балдарынын сабактарынан кабар алып, жетишкендиктерин жана аткарган жумуштарын билүүгө убакыт табат. Улуу кызы ата жолун улантып, ИИОнун кызматкери. Уулдары да мектепти аяктаган соң, аскердик окуу жайга тапшырууну самашат экен. Жанар мырза  балдарынын турмушта өз ордуларын таап, кайсы кесиптин ээси болбосун элине, жерине кызмат кылган адамдардан болушун тилек кылаарын билдирди. Каарманыбыз үй-бүлөсү менен эс алганды жактырат. Жумуштан кандай чарчап келсе да балдарын көргөндө чарчоосу жазылаарын айтат. Үй-бүлөсүнөн арткан убакытты достору алат. Алар менен балык кармоо ырахат тартуулайт.

Ички аскерлердин калыптануу тарыхы 1941-жылга барып такалат

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы бүгүнкү күнү өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү обьектилерди кайтаруу менен бирге коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоого өз салымдарын кошуп келе жатышат.

Ички аскерлеринин калыптануу тарыхы 1941-жылдын 26-августуна барып такалат. Анткени СССРдин Коргонуу боюнча мамлекеттик комитетинин Токтому менен темир жол, өндүрүш, коштоп жүрүү (конвой) жана ыкчам аскерлери бириктирилип, СССР Ички иштер элдик комиссариатынын Ички аскерлер башкы башкармалыгы болуп кайрадан түзүлгөн.  Ал эми эгемендүү Кыргызстандын ИИМдин Ички аскерлеринин тарыхы 1991-жылдын 31-декабрынан башталат. Президенттин Жарлыгы менен өлкө аймагындагы  мурдагы Советтер Союзунун аскер бөлүктөрүнүн базасында Ички аскерлердин аскер бөлүктөрү уюшула тургандыгы белгиленген. КРнын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо максатында, 2014-жылы КР ИИМдин Ички аскерлери  Улуттук Гвардиянын курамына кошулган. Бирок, 2018-жылы кайрадан ИИМдин курамына киргизилген. 1999-2000-жылдары  Баткен окуяларында куралдуу боевиктерди жок кылууда өздөрүнүн эр жүрөктүүлүгүн жана каармандыктарын көрсөтүшүп, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан.  Өткөн жылдан тарта Ички аскерлер — Ички коопсуздук аскер кызматы болуп аталып келет.

Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ, сүрөттөрү Данислан АСАМИДИНОВдуку