Коом

Россиядан 10 миңден ашуун кыргызстандык кайтып келди

Россиядан кайтуу үчүн тизмеге катталууну каалаган Кыргызстандын жарандарынын саны 7 миңден ашат, деп маалымдайт элчилик. 4 миңдей кыргызстандык студенттер дагы кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат.

Элчиликтин басма сөз кызматы жарандарды алып келүү иштери улантылып жатканын билдирди. Учурда жума сайын Москва—Ош жана Москва—Бишкек каттамы каттап жатат. Ошондой эле жакынкы күндөрү Санкт-Петербургдан каттам уюштуруу планы бар.

Элчиликтин эсеби боюнча, 2020-жылдын 20-мартынан 21-июнга чейин Россиядан Кыргызстанга 10 миң 904 жаран алынып келген. Бул үчүн 51 авиакаттам, Казакстан аркылуу 20 автобус каттамы уюштурулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button