Кыргызстанда бир сутка ичинде 33 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Чүй облусунан 12, Нарын облусунан 3, Ош шаарынан 6 бейтап, Жалал-Абад облусунан 4, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2054 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.