Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну сынга алды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка караганда, депутат аталган районго жол курулуш иштери менен таанышуу үчүн барган. Анда депутаттын айланасында чогулган жергиликтүү тургундардын арасынан бирөө Момбеков менен кайым айтыша кеткен.

“Сиздин бул жакка тиешеңиз жок! Талас үчүн эмне кылып койдуңуз эле? Мен сизди жакшы билем, сиз кимге тиешелүү экениңизди да билем. Сизди 2005-жылдан бери тааныйм. Атамбаев менен Розага рахмат айт сен!”-деп билдирген жергиликтүү тургун.

Булак: Говори.тв