АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 9 миллиондон ашканын көрсөттү. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экенин билдирген.

Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.

Оору эң көп тараган мамлекеттер (23-июнь, эртең менен саат 8ге карата):

АКШ — 2 310 786

Бразилия — 1 106 470

Орусия — 591 465

Индия- 485 282

Улуу Британия — 306 761

Перу- 227 447

Чили — 246 963

Испания — 246 504

Италия — 238 720

Иран — 207 525

Франция — 197 381

Германия — 191 768

Түркия — 188 897

Мексика — 185 122

Пакистан — 181 088

Сауд Арабия — 161 005

Бангладеш — 115 786

Канада — 103 418

Түштүк Африка Республикасы — 101 590

Борбор Азиядагы мамлекеттерден:

Казакстан — 17 732

Өзбекстан — 6461

Тажикстан — 5513

Кыргызстан — 3356

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус жоктугун айтып келатканы менен соңку күндөрү өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйгөнү кабарланууда.