Баткен облусунун Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 43 жаштагы А.Х. аттуу тургуну уюлдук телефонуна белгисиз номерден чалуу келип, аны чакырганын, ал аталган жерге барганда аны Тойота-Камри үлгүсүндөгү автоунаага коркутуп олтургузуп, ээн талаага алып барышып, чоң өлчөмдөгү акча сураганын билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жазык Кодексинин 170-беренесинин (адам уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми арыздануучу А.Х.нын денесинен алган жараатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө арыздануучуну 3-4 бейтааныш адам телефон аркылуу байланышып, чакырышып, аны коркутуп, уруп ээн талаага алып барып 950000 сом акча каражатын таап койбосо өлтүрүп кетерин эскерткени белгилүү болгон.
Кадамжай РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында автоунаалар аныкталып, кылмышка шектүү жарандар Кызыл-Кыя шаарынан кармалып келинди.

Алар Чүй облусунун Беловодское айылынын тургуну 34 жаштагы А.К., Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 44 жаштагы И.К., Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы М.А. аттуу тургуну мурда соттолгон, жана Уч-Коргон айылынын 50 жаштагы Р.Алар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.