Мээрбек Мискенбаев мусаапыр болбосун, бир жоокердин өлүмүнө АША менен катар ал да жооп берсин

от автора

в

Кой Таш окуясы боюнча соттолуп жаткандар, кылаарын кылып алты баланы атасыз калтырган соң, жооп берээрге келгенде мусаапыр болуп чыга келишти.

Алардын бири Мээрбек Мискенбаев. Элдин эсинде азыркыга чейин чыга элек. Бир жыл мурун, Кой-Ташта кымыздан жутуп, кыз кучактап вальс бийлеп, буканын этине тоюп, тойлогон күндөрдү, ошондо, элди азгырып чакырып, бийликти басып алуу аракеттери жүрүп жатканда чийедей балдарыңды акчага саткан күндү унуттуңбу?

Форумдун астында митинг уюштуруп, «дежурный», жалданма митингчилердин чогултуп, күпүлдөп сүйлөп , оозуна ак ит кирип,кара ит чыккан Мискенбайдын небереси бу кандай күн карама? Ошол оозуңдан чыккан ар бир сөзгө жооп берчү кез келди. Силердин азгырып, элди курал катары пайдалануу максатыңардын артында спецназ каза болду. Сен эртең үч балаңа барасың, а алты балага атасы кайра келбейт. Керек болсо, ошол тополоңдо, спецназды барымтага алып, ур-токмоктоп, тепкилеп жаткан сүрөттөр, видеолор соцтармакта али күнгө чейин турат.

Бул чекеси гана. Обончу аялдарды жалдап шефи Атамбаев алардын этегине жабышып, элден эмес бийликтен коркуп алапайындарын таппай калганын ким тана алат. АША Мээрбекти оң колу кыла калам деп балээге калганын ушул Кой Таш окуясынан эле билсе болот. Эми ошол окуянын үтүр, точкасына чейин Мээрбек баштагандар жооп берүүгө убакыт келди.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *