Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун бөлүм башчыларынын бири CОVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандыгын жана учурда өзүн-өзү изоляциядан өткөрүп жаткандыгын билдирет. Акыйкатчы аппаратынын иши санитардык-гигиеналык жана коопсуздук стандарттарынын талаптарын аткаруу менен толук бойдон уланууда.

Ошондой эле эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» КР мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт.

Азыркы учурда айрым кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат, ал эми күн сайын жумуш убактысында аппараттын кызматкерлери кезметтешип ишке чыгууда.

Мындан тышкары, жарандар өз кайрылууларын жана арыздарын КР Акыйкатчы аппаратына почта аркылуу Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү 120 дарегине жөнөтсө болот. Кайрылууларды ombudsman@inbox.ru электрондук дареги же ombudsman.kg сайтынын интернет-кабылдамасы аркылуу да жөнөтүүгө болот.

Ошондой эле арыз ээлери “115 Шыр байланыш” кызматына чала алышат. Түнкү убакта түшкөн телефон чалуулардын баары атайын программада катталат, эртеси күнү “Шыр байланыштын” операторлору же Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери арыз ээлерине кайрадан телефон чалышат.