Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышеванын айтымында, жарандар беткап тагынуу эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керек.

“Көпчүлүк убакта, калк арасында беткапты туура эмес тагынган, айрым учурда бир жума бою чечпей жүргөн жарандар бар. Бул тескерисинче өтө кооптуу. Беткап тагынуу өздүк гигиенаны жана социалдык аралыкты сактаган учурда гана эффективдүү болот”, -Н.Алтымышева.

Беткапты туура тагынуу
-беткапты тагынуудан мурда, колду тазалап алуу керек;
-беткапты кылдаттык менен, оозду жана мурунду толук жапкандай кылып тагынуу керек;
-беткап нымдалып калган учурда, аны таза жана кургак жаңы беткапка алмаштыруу зарыл;
-бир жолку колдонулуучу беткапты кайрадан колдонбоңуздар;
-беткапты чечкенден кийин дароо баштыкка салып же бети жабылуучу таштандыга ыргытыңыздар.

«Колду таза кармоонун атайын талаптары бар. Колду вирустардан тазалоо үчүн 70% спирт камтылган антисептиктин 2-3 мл өлчөмү жетиштүү. Колду 20 секунддан кем эмес жууш керек. Адамдар менен жолукканда, ар кандай нерселерди кармагандан кийин колду антисептик менен тазалап туруу зарыл. Ошондуктан, дайыма жаныбызда антисептик болушу шарт”, — Н.Алтымышева.

Мындан сырткары, сергек жашоо мүнөзү учурда абдан актуалдуу. Уктоодо туура режимди карманып, белок, витамин жана минералды заттарга бай азык-түлүктөр менен тамактану зарыл.