Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот жараяны аяктады.

Анда Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана сыйлыктарынан ажыратуу өкүмү чыкты.

Учурда Батукаевдин иши боюнча өкүм окуулуда.

Буга чейинки соттук отурумда Мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

Мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;

Академик, дарыгер Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоону суранган.

Жалпысынан бул ишке 19 адам айыпталуучу катары каралууда.