Бүгүн, 23-июнда Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлигинен жана САПтын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчилигинин 2020-жылдагы ажылык сапары боюнча расмий билдирүүсүнө таянуу менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы маалымдайт.

Бүгүнкү күндө Коронавирус (Covid-19) оорусу менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги кооптуулукту алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган Ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөөрүн, Ажы жана Умра сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы Ажылык сапары болбой тургандыгын маалымдады.  

«Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги эки ыйык мечитте ар жылы миллиондогон Ажыларды жана Умрачыларды тейлөөнү чоң сыймык деп эсептейт жана бул чыгарылган чечим зыяратчылардын коопсуздугуна жана саламаттыгына чоң салым болоорун баса белгилейт»,-деп айтылат билдирүүдө.