Саясат

Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button