— Жакында саясатчы Адахан Мадумаров “дарыгерлер коронавирус жукпаса деле 200 миң сом алуу үчүн анализди бурмалап жатат” дегендей пикирин билдирди. Сиз да 200 миң үчүн ушундай кадамга бардыңызбы?

— Биринчиден, Мадумаров былжырабасын! Дээрлик 3 айдан бери үй бетин көрбөй, элдин саламаттыгы үчүн деп баарынан баш тартып иштеп жатабыз. Врачтар жыргап кеткен жок. Күнү-түнү жанын сабап, вирус менен алышып жатканда Мадумаровго окшогон сасык саясатчылар бизге да асыла баштады. Баары бүтүп, эми биз да күнөөлүү болуп калдыкпы? Канчалаган дарыгерлер Адахан мырзанын сөзүнө нааразы болуп жатат. Коронавирустан арылып, жай турмушка жеткенде ал киши менен сүйлөшүп алабыз. Азыр ага жооп бергенге убактыбыз жок.

— Кантип сүйлөшөсүздөр?

— Аны азырынча айтпай туралы. Дарыгерлер арасында вотсабгруппадан талкуулап, Мадумаровдун айтканына кыжырдангандар абдан көп. Керек болсо ал кишини убагында дарылаган врачтар да капа болуп жатат.