«Социалдык тармакка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанына шектүү баштык ташталган, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган СИЗО тарапта», — деген билдирүү тарады. Баштыкта жарылуучу зат болушу мүмкүн деп белгиленип, ал интернет колдонуучуларынын талкуусуна  алына баштаган.

Талкууга түшкөн бул баштык боюнча УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратышты.«22-июнда эртең менен УКМКнын имаратынын жанынан шектүү баштык табылган. Ал жерге сапёрлор чакырылып, алар имараттын айланасын текшерип чыгышып, жарылуучу зат табышкан жок. Ал эми баштык сапёрлор тарабынан жок кылынды. Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта