Коом
Кара-Кулжада РИИБдин башчысынан коронавирус аныкталды
Кара-Кулжа
районунда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 21ге жетти. Бул
тууралуу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
21 жарандын ичинен бир бейтап каза болгон. 8 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Учурда
райондо 10 бейтап илдет менен күрөшүүдө. Ал эми бир бейтаптын анализинин жыйынтыгы
оң чыкканы менен коронвирустун белгилери аныкталбай, үй карантинине чыгарылган.
Маалым болгондой,
Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисининен коронавирус
аныкталып, Ош шаарындагы ооруканага которулган.
Бүгүнкү күндө райондо 8 адам обсервацияда жатат. 267 жаран үй карантининде дарыгерлердин
көзөмөлүндө болууда.