Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы коомдук жайлар, мекеме-ишканалар жана тамактануучу жайлардагы санитардык талаптардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Динара Акматова билдирди.

Анын айтымында, райондук мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн топ коронавирус оорусунан сактануу максатында коюлган талаптардын аткарылып жатканын текшеришти. Ар бир жайда гигиеналык каражаттардын болушу, бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо керек экендиги айтылды. Эрежелерди аткарбагандарга чара колдонула турганы да эскертилди.