22-23-июнь күндөрү Сузак РИИБи тарабынан район аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана таажы илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, айыл башчылары менен РИИБдин МУУнун жана ЖИИнин кызматкерлери атайын түзүлгөн иш-мерчем боюнча иш алып барышты.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда РИИБде катталып, КРнын КЖКнин 360-беренеси (эски редакция) менен айыпталып, издөөдө жүргөн 1998-ж.т. Т.С. РИИБдин ЖИИнин жана милициянын участкалык инспекторлору тарабынан кармалып УКЖга киргизилген. Ошону менен катар «Ээнбаштык» жана «Уурдоо» фактыларынын бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Иш-чара учурунда РИИБдин кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп  бузуулар боюнча 28 протокол түзүлгөн. Андан сырткары жалпы 195 кожолук текшерилип, профилактикалык каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.