Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппаратынын экинчи кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус Акыйкатчы институтунун бир бөлүмүнүн инспекторунан табылган. Учурда ал кызматкер обочолонгону айтылды.