Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” мекемеси “А” классындагы тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, шаарга 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда. Ал үчүн 14 млн 739 миң 996 сом каралган.

Сынактык билдирүүлөрдү калтыруунун акыркы мөөнөтү – 15-июль.