Коом

Ырысгүл Изатова: Ушунчалык кайдыгер өлкөдө жашап жатканыма «Рахмат»

Акын, Ырысгүл Изатова буга чейин коронавирус жуктуруп алганы туурасында жергиликтүү сайттарга маек берген. Бүгүн медициналык жардам сурап тийишттүү мекемелерге кайрылса бири-бирине шылташып, кайдегер жооп кайтырышкан.

«Ооруп кыйналганыман 118 ге чалып, алар анализ алып кетишти эле. 2 күндөн кийин Бишкек шаардык санэпидемстанциядан чалып коронавирус экенимди кабарлашты. «Эгер көп кыйналбасаңыз үйдө болуп туруңуз, сизге атайын врач бөлүнөт. Барып кабар алып, керектүү дарыларды жазып берет»- деген. Бирок ошондон бери эч ким чалган да, келген да жок. Бүгүн айла жок 118 ге чалсам, ал 103 кө чал деди. Алар биз билбейбиз 118 ге чал дешти. Кайра 118 ге чалсам, анда ушул номерге чал деп бир номер беришти. Ал номер «мага сага окшоп чалгандар 100 дөп саналат, кимге кайрылсаң ошого чал!»-деп туруп трубканы коюп койду. Ушунчалык кайдыгер өлкөдө жашап жатканыма «РАХМАТ» дегенден башка эч нерсе айта албайм»,-деди Изатова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button