Россиянын Саратов, Самара жана Оренбург облустарынан чогулган кыргыз мигранттары орус-казак чек арасын көздөй бет алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жарандар ушактарга ишенишип жолго чыгышкан.

 «Маселе КР Өкмөтүнүн жана Коронавирус боюнча Республикалык штабынын өзгөчө көзөмөлүндө. Бул жагдайды жөнгө салуу жана жарандарыбызга зарыл жардам көрсөтүү максатында, биз учурда ар кандай чечимдерди, анын ичинде казак жана орус тараптын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз ”, — деп белдирет элчилик.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Россияда калууга жана орус-казак чек арасына барбоого чакырат. Мамлекеттик чек аралар жарандардын транзиттик кыймылы үчүн коронавирустун абалы турукташмайынча жабык бойдон калат.

Белгилүү болгондой, чек арада калган жарандар бир топ кыйналганын айтып. Арасында кошбойлуу аялдар бар экенин, ал эми түнкүсүн ачык талаада жаткандыктан, жыландар чагып жатканын билдиришкен.