Коом

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышууда

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын тегерегиндеги Кулиев-Киев, Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүндө стихиялык соода-сатыкты токтотуу үчүн күн сайын тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анткени, базардын тегерегинде башаламан соода кылган жарандардын мындай иш-аракеттери санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарына жооп бербегендиктен, коронавирус илдетинин жарандар арасында жайылуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Андан сырткары, Бишкек шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны арбып бара жатканына байланыштуу, ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жогорудагы базарда жарандарга калк жыш топтолгон жерлерде жеке гигиеналык эрежелерди туура сактоону, көчөгө зарыл болбогон учурда чыгуудан карманууга жана аталган илдетти жугузуп албоо үчүн дарыгерлер тарабынан сунушталган эрежелерди аткаруу, кол кап кийип, бет каптарды тагынуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, жарандарга өзүнүн коопсуздугунан сырткары, жакындарынын, өз чөйрөсүндөгү адамдардын коопсуздугун дагы ойлоп, аталган илдеттин жугуп калышын алдын алуу боюнча бардык сунуштарды жана эрежелерди так сактоолору эскертилүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button