Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү Бишкекке келгенден кийин,  болжол менен үч күн өзүнчө обочолонууга кетишет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Москвада коронавируска тесттен өткөндө оң натыйжа берген Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери 14 күндүк обочолонууга жөнөтүлөт.


Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, алгоритм боюнча, Москвага кетерден мурун, Кыргыз Республикасынын башчысы, делегация мүчөлөрү жана аны коштогон адамдар COVID-19 вирусуна тесттен өтүшкөн. Баардыгы терс натыйжа берген.