Мичиган штатынын тургуну лоторея оюндарынан экинчи ирет эки миллион доллар уткан.
Лотереянын сайтында маалымдалгандай 50 жаштагы Марк Кларк Мичиган штатынын Монро округунун эң эле ийгиликтүү тургуну болуп саналат. Башкача айтканда, ал 3 жыл ичинде экинчи жолу чоң суммадагы утушка ээ болгон жана 2017-жылдагыдай эле белетти жергиликтүү дүкөндөрдүн биринен сатып алган.
Ошентип 3 жыл аралыгында 4 миллион доллардын ээси болгон Марк баштагысындай эле балык уулап, үй бүлөсү менен жай турмуш өткөрүүнү жакшы көрөт.