АКШ мамлекеттик департаментинин билдирүүсү боюнча КЭР бийлигине көз каранды болгондуктан бир нече Кытай ММКлары “Чет элдик өкүлчүлүктөрдүн (миссиялардын)” тизмесине киргизилген

“Чет элдик миссиялар жөнүндө” Мыйзамга ылайык мамлекеттик департамент бүгүн жаңы аныктама бекитти. Ага ылайык Кытай Борбордук телевидениесинин, Кытай жаңылыктар кызматынын, “Улуттук апта гезитинин ” жана “Глобал Таймс” гезитинин операциялары АКШда чет элдик миссиялар катары аныкталат. Расмий Вашингтон: «Аталган ММКлар чет элдик өкмөткө тиешелүү жана алар тарабынан натыйжалуу көзөмөлгө алынып турат» деп эсептейт.

Мамлекеттик департаменттен билдиришкендей аталган ММКлардын макамын өзгөртүү алар тарабынан басып чыгарылган кайсы бир материалдын мазмунуна тиешеси жок жана алардын кошмо штаттарда басылып чыгуусуна өз кесепетин тийгизбейт.