23-июнда “Smart Жаран” ассоциациясы, “Эркиндик үнү” коомдук фонду жана “Прецедент” өнөктөштүк тобу Жогорку Кеңештин регламенттерин бузгандыгы үчүн төрага Дастан Жумабековдун иш-аракеттерине каршы административдик доо арызын райондор аралык сотко берген. Бул тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү журналисттерге билдиришти.

Алар 18-июнда өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) жөнүндө мыйзам долбоору боюнча добуш берүү учурунда Жумабеков катталууга жана жок депутаттардын атынан добуш берүүгө уруксат бергендигин белгилешет.

“Дастан Жумабеков депутаттарды “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамды сактоого чакыруунун ордуна, жыйынга катышкан депутаттардын келбеген эл өкүлдөрүнүн ордуна добуш берип жатканын көрүп, унчукпай олтурган.

Төрага регламент депутаттан жеке добуш берүүнү талап кыларын  (84-берененин 3-бөлүгү) жана башка депутатка добуш берүү укугун өткөрүп берүүгө тыюу саларын билип (85-берененин 4-бөлүгү), толук аракетсиздикти көрсөтүп, ошону менен мыйзамды одоно бузууга жол ачты” – деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү төрага мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, элдин жана депутаттардын ишенимин кетирип жатат деп эсептешет.

Мыйзам долбоорунда КЭУлардын мамлекеттик органдарга алардын отчеттуулугу жөнүндө, анын ичинде киреше булактары, чыгымдар, кызматкерлердин саны жана курамы, ошондой эле алардын эмгегине акы төлөп берүү жөнүндө маалыматтардын көлөмүн көбөйтүү менен кошумча отчетторду берүү милдеттенмеси каралган.

Белгилей кетсек, парламент экинчи окууда ӨЭУлар жөнүндө чуулгандуу мыйзам кабыл алган. Добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын ичинен 89у макул болуп, 9у каршы добуш берген. Андан кийин бир нече депутат жыйынга катышпаганын айтып, анын ордуна кесиптештери добуш берип коюшканын айтышкан.