Red-Eye-3 кичи спутниги АКШ Коргоо министрлигинин DARPA перспективдүү изилдөөчүлүк долбоорун жүзөгө ашыруу максатында космоско учурулган.

Эске сала кетсек, өткөн дүйшөмбү күнү ушул багытта дагы бир Red-Eye-2 космостук аппараты асманга көтөрүлгөн.

DARPA долбоорунун кызыкчылыгы үчүн Red-Eye-3 спутниги спутниктик байланышты, борттук компъютерлерди башкаруу технологияларын тестирлөөдөн өткөрөт.

Учурда Эл аралык космостук станцияда россиялык космонавттар Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер, ошондой эле америкалык астронавттар Кристофер Кэссиди, Дуглас Херли жана Роберт Бенкендер иш алып барышууда.