Коом

АКШ КЭРге таандык жана санкция киргизилүүчү компаниялардын тизмесин түздү

Пентагон Америка тарабынан санкция киргизиле турчу кытайлык ири компаниялардын тизмесин түзүп чыкты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги маалымдаган.

Аталган агенттиктин маалыматына ылайык АКШ Коргоо министрлиги «Кытайдын Улуттук-боштондук армиясына таандык жана алардын көзөмөлүндө турушкан» 20 ири кытайлык компаниялардын тизмесин түзүп чыккан жана андан Huawei, Hikvision телекоммуникациялык компанияларды, ошондой эле China Mobile жана China Telecom уюлдук операторлорду көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, АКШ Huawei компаниясына «КЭР аскердик жана чалгындоо бөлүмдөрү менен кызматташ»-деген кине коюп келет жана ал өткөн жылдын май айынан тартып АКШнын кара тизмесине киргизилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button