Бразилияда бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 42 миңден ашкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык соңку сутка ичинде оору жуктуруп алгандардын саны 42 725 адамды түзсө, 1 185 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Ал эми бул илдеттен жапа чеккендердин жалпы саны 1 188 631 адамга жеткен. Пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны – 53 830 адам.

ДССУ маалыматына ылайык дүйнө жүзү боюнча бул илдетти жуктуруп алгандардын саны учурда – 9,1 миллионду түзсө, каза болгондордун саны — 473.