300дөн ашык кара денелүү маданий ишмерлер ачык кат жазышып, аны бүтүндөй оюн-зоок индустриясына жолдошту. Аталган катта алар Голливудга ар дайым ак расаны колдоп, аларды даңазалап, ал эми кара денелүү адамдар боюнча жалган стереотиптерди түзүп келген деген айып коюшкан.

Каттын авторлору кара денелүү кинематографисттер индустрияга өлчөөсүз чоң салым кошуп келишкендигин белгилеп, аларга дагы карьералык өсүш камсыздоолорун талап кылышкан.

Ошол эле учурда бир катар белгилүү кино жылдыздары кара денелүү адамдарга карата буга чейин айтылган туура эмес ойлору үчүн кечирим сурап кайрылышууда.

Variety ар апталык басылмасынын маалыматы боюнча аталган катка 300дөн ашык кара денелүү артисттер кол койгон, алардын ичинде Чедвик Боузман, Майкл Б. Джордан, Идрис Эльба, Махершала Али, Куин Латифа, Розарио Доусон, жана Зои Кравиц өңдүү белгилүү актёрлор бар.