Коом

Нарын ОИИБнин кызматкерлери алдын алуу багытындагы бир катар иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө

Нарын  ОИИБнин кызматкерлери  алдын алуу багытындагы бир катар иш-чараларды  тынымсыз жүргүзүүдө. Бул тууралуу  Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы кабарлады.

Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор,  Нарын РИИБү, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана Нарын ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкелери эл арасында учурдагы кырдаалга байланыштуу “Коронавирус” илдетинин жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатында бет кап кийүүсү, антисептик  колдонуулары жана аралыктары  1-2 метрден кем болбошу керектиги эскертилип,   түшүндүрүү иштери тынымсыз  жүргүзүүдө.

       Мындан  тышкары ар бир район аймагында жайгашкан  соода-түйүн борборлору, базарлар, дарыканалар,  тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте  кыдырылып, кардарларды бет капсыз киргизбөөлөрү эскертилди. Анын алкагында соода борборлорунун айрымдарына эскертүүлөр берилсе, айрымдарына айып пулдар салынды.

       Ошондой эле Нарын облсунун аймагында жалпы  республикалык тестирлөө өткөрүлүп, анда өспурүмдөр арасында аталган илдеттин жайылып кетишин алдын алуу максатында аралыкты сактоолору камсыздалып, милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында коомдук коопсуздукту көзөмөл кылышып эч кандай тартип бузуу фактыларына жол беришкен жок.

       Жайкы каникул убагы башталгандыгына байланыштуу шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору бир катар иш-чараларды уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жана рейддерди өткөрүп жатат. Тилекке каршы, жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү фактылары аныкталып жаткандыгына байланыштуу жаш жеткинчектердин ден-соолугун, коопсуздугун,  сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана санитардык-карантиндик эрежелерди туура сактоо үчүн тыюу салынган жерлерге, көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга эскертүүчү белгилер орнотулуп, кээ бир жерлердин белгилери өчүп калгандыктан жаңыланып жазылды. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button