Түркиянын ири шаарларынын бири Стамбулда нөшөрдөн кийин суу ташып, жер көчүп, көл үстүндө куюн жаралды. Бул тууралуу TRT Haber агенттиги жазып чыгып, куюнду   YouTube каналына жайгаштырды.


Жолдун жээгинен тартылган видеодо суунун үстүнөн бийиктиги бир нече метрге жеткен куюндун уюлгуп, чоң күч менен кетип бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал жээкке жетпегени менен эпкини жүк ташыган автоунааны аңтарып кеткен. Шамал дарактарды кулатып, ондогон автоунаалар менен имараттарга зыянын тийгизген. Ал эми ошол аймактагы базарда соода кылган жарандар товарын таппай, өздөрү кайда жашынарын билбей калгандыгын айтышты.

Стамбул бийлиги жаратылыштын бул кырсыгы сириялык бир качкындын өмүрүн алгандыгын билдирди.