Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда дагы бир адам коронавирус оорусунун кесепетинен көз жумду. Өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берип жатат.
49 жаштагы аял киши Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунда дарыланып жаткан. Бардык аракеттерге карабастан 24-июнда көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус оорусу жуккандан кийин жалпы 43 киши каза тапты.