«Коммерсант» гезитинин маалыматы боюнча Росавиациянын башчысы Александр Нерадько Өкмөткө Россияда эл аралык авиакаттамдарды жаңыртуу тууралуу планын сунуштаган.

Нерадьконун оюу боюнча эң алгач бул өңдүү авиакаттамдарды КМШ өлкөлөрү менен жандандыруу керек. Ал эми калган өлкөлөргө учуулар индивидуалдуу тартипте, башкача айканда ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша жүргүзүлүүсү абзел.

Басылманын билдирүүсү боюнча тиешелүү сунуш Роспотребнадзорго да жөнөтүлгөн. РФ Вице-премьер министри Татьяна Голикованын аппаратынан билдиришкендей бул боюнча маселе караштырылууда жана ал КМШ өлкөлөрү менен болгон келишимдерди эске алуу менен ишке ашырылат.