Бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын берди.

Министрдин орун басарына «Кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү?» деген суроо берилди.

Каратаев белгилегендей, өзгөчө абалды киргизүү маселеси республикалык штабдын жыйынында каралат«Бишкек шаарында, Ош облусунда абал өтө оор болуп жатат. Ошондуктан абалды, бардык факторлорду карап, анан чечим кабыл алынат«, — деди ал.