Саясат

Ж.Акаев: «Саясий эркиңиз болсо «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарып алыңыз»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаевага кайрылып.«Саясий эркиңиз болсо «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарып алыңыз», — деди. Маалым болгондой, бүгүн, 25-июнда  “ Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

«Биз парламентке элдин жашоосун жеңилдетебиз, аларга шарт түзөбүз, элдин кызыкчылыгын аткарабыз деп келебиз. Бирок келгенден бери бир нече жолу аларды нааразы кылган, керек болсо үйлөрүнөн көчөгө чыгара турган мыйзамдарды талкуулап, ошолорду кабыл алып жатабыз. Интернетте 5 миңдеген адамдар бул мыйзам долбооруна каршы пикирлерин жазып жатышат. Эми ошонун баары фейкпи? Алардын сөзүн укпай коюш болбойт. Кайсы бийлик болбосун, кайсы парламент болбосун элдин сынына чыдаш керекпиз. Фейктерден менин туугандарым жабыркады деген болбойт. Анда парламентке келбеш керек», — деди ал.


Ошол эле учурда, ЖК нын астында 50 гө жакын жарандар  аталган мыйзам долбоорго каршы митинг өткөрүшүп, депутат Г.Асылбаеванын мандатын тапшыруусун талап кылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button