Кыргыз кинематографисттери 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу «Курманжан датка» тасмасын тарта алышты.

Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак тилин өнүктүрүү тууралуу «Ана тілі» («Эне тили») гезитине берген маегинде билдирди.

Президент тилди өнүктүрүү боюнча коңшу мамлекеттерден үлгү катары ала турган нерселер көп экенине токтолуп:

«Тилди жаңы муунга үйрөтүүдө кинематографтын ролу чоң. Мисалы, кыргызстандык кинематографисттер болгону 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу «Курманжан датка» тасмасын тартышты. Биздин кинематографисттер андан ого эле көп акча сурашат. Тилекке каршы, тасманын сапаты дайым эле каалагандай боло бербейт. Биздин кинематографисттер ички пикир келишпестикке кирип алып, бул нерсе жемиштүү иштөөгө терс таасир этип жатат», — деди Токаев

Белгилүү болгондой, «Курманжан датка» — кыргыз өкмөтү тарабынан демилгеленген жана каржыланган алгачкы көркөм, тарыхый, биографиялык тасма.

Режиссеру — Садык Шер-Нияз. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Коомчулукка 2014-жылдын 31-августунда, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлгөн. Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган.