Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери “Хонда Фит” унаасынын айдоочусун мас болуп унаа айдаганы үчүн кармашты.

Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 25-июнь күнү болжол менен саат 02:30да милиция кызматкерлери Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Фит” унаасын көрүп, анын айдоочусу мас болушу мүмкүн деп шекшип, аны токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочу алардын талаптарына баш ийбей, жашырынып кетүүгө аракет кылган.

Качып бара жатып айдоочу бир унааны сүзүп, токтобой кете берген. Жибек Жолу менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде кайгуул кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок аткан. Андан кийин Салиева менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде унааны дөңгөлөгүнө ок атып токтотушкан.

Айдоочунун өздүгү такталып, ал 33 жаштагы О.Ж. болуп чыккан. Анын айтымында, ал жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери болот. Текшерүү учурунда ал ичимдик ичкени аныкталып,  Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.