Коронавирус инфекциясы боюнча адистерден кеңеш алуу үчүн иштеп жаткан түз байланыштагы 118 кызматынын Бишкек шаарын тейлей турган операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Учурда Бишкек шаары боюнча колл-борбордун 14 линиясы жана 40 мобилдик топ иштеп жатат. 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков 118 кызматынын республиканын башка аймактарындагы операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керектигин белгиледи. 

«Жарандарда COVID-19дун белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Жарандар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет. Ошондуктан облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керек. Бишкек шаарында эпидемилогиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартуу зарыл», — деди Алмазбек Баатырбеков. 

Штабдын жыйынында ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй менен Ош облустарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу базарлар менен коомдук тамактануучу жайларды жана коомдук транспортту катуу көзөмөлдөө керектиги айтылды.  

Белгилүү болгондой, COVID-19дун мындан ары жайылуусун алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы базарлар эпидемиологиялык кырдаалга жарша мезгил-мезгили менен дезинфекцияланып турат. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул аптанын ишемби (түштөн баштап) жана жекшемби (толугу менен) күндөрү коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет.