2020-жылдын 25-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын саптык майданда Европадагы коопсуздук жана кызматташтук уюму (мындан ары-ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алынган баңгизаттарды изилдөөгө арналган химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшыруу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясаттык департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Сергей Сизов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы А. Шигаев катышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Мирлан Каниметов Кыргыз Республикасындагы баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтык көп жылдардан бери уланып жаткандыгын билдирди. Баңги кылмыштуулугу азыркы учурда баңги каражаттарын даярдоодо заманбап ыкмаларды колдонуп жатат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги материалдык-техникалык камсыздоого өзгөчө көңүл бурат.

Бүгүн тапшырылып жаткан химиалык реагенттер менен жабдыктар криминалистикалык экспертизаларды натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берет. Ошондуктан бул Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, бүткүл региондордо дагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун жаңы заманбап түрү менен күрөшүүдөгү негизги чаралардын бири болот.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясаттык департаментинин жетекчиси Александр Елисеев жолугуушунун жүрүшүндө Элчи, ЭККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин өнүктүрүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына лабораториянын жабдыктарын жана химиялык реагенттерди тапшырууга Элчинин атынан катышып жатканына кубанычта экендигин билдирди. Кыргызстандагы ЕККУнун миссиясы ачылган күндөн баштап, өзүнө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кылмыштуу ишмердүүлүктү камтыган улуттар аралык коркутууларга каршы аракеттенүү максатында коопсуздук көйгөйлөрү боюнча тараптар менен жигердүү кызматташууну колго алды.

ЕККУ Кыргыз Республикасы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүгө багытталган аракетин жогору баалайт. Тилекке каршы, акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү абалы күндөн-күнгө оорлошууда. Бул шарттарда эл аралык кызматташтык актуалдуулугун жоготпой, күчөтүлүүдө. Бул чөйрөдө биз бирдиктүү күч-аракеттерибиз менен гана абалды жакшырта алабыз. Аталган техникалык колдоо Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын криминалистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана алынган баңгизаттардын түрүн аныктоодо мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, аталган чөйрө менен күрөшүүдө маанилүү бөлүгү болуп берет.

Андан сырткары, илимий кадам ката кетирүүнү алдын алат. Жалпысынан алганда укук коргоо тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн мындан дагы натыйжалуу жана профессионалдуу кылууга шарт түзөт. Сөзүнүн аягында Александр Елисеев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен мындан ары дагы ийгиликтүү кызматташуу ниетин билдирип, бирдиктүү пландардын аткарылышын каалап кетти.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин орун басары Кыргыз Республикасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине ИИМдин атынан ыраазычылык кат тапшырды. Катты М. Каниметовдон ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясаттык департаментинин жетекчиси Александр Елисеев алды. Өз кезегинде А. Елисеев Мирлан Каниметовго тапшырылып жаткан лабораториялык жабдыктардын жана химиялык реагенттин символикалык сертификат тапшырды.
Андан соң, А. Елисеев, М. Каниметов тапшырылып жаткан мүлктөр менен таанышып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик борбордун бөлүмүнүн кызматкерлери жабдыктарга кыскача техникалык мүнөздөмө беришти. Андан кийин конокторду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып, БМЖКККнын химиялык лабораторияны, компьютердик классты, тир менен спорттук залды көрсөтүштү.

ИИМдин Басма сөз кызматы