Ажобуздун Москвага болгон иш сапары учурунда орун алган жагымсыз жагдай , оркойгон кемчилик. Ал эми анын келип чыгышынын себептерин тийиштүү кызматтар аныктап чыгып кемчиликке жол берген кызмат адамдарына тиешелүү жазаларын бериши керек.

Бирок, “чымындан пил жасап” биздин мамлекеттин ичиндеги иштерди, президенттин парадга катышпай калганы менен чиркештирүү акылга сыйбаган иш.
Биринчиден, Кремль кимдир бирөө менен “шилекей алышкан дос болуп” ыссык мамиледе болгон күндө деле, стратегиялык жактан өнөктөш мамлекеттин башчысына апыртмалар айтып жаткандай мамиле кылмак эмес.

Экинчиден, президентибиз Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанга кайра кайтаардын алдында Россиянын президенти Влдимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү, ажобуздун парадга катышпай калгандыгын айланасындагы баардык ойдон чыгарылган ушактарга чекит коёт.

Эгерде, Путин айрым ушакчылар айткандай Жээнбековго “сыртын салса”, анда биринчилерден болуп Москванын журналисттери жазып чыкмак. Россиянын массалык маалымат каражаттары “кыргыз делегациясынан курамындагы айрым адамдардан коронавирус чыкты”- деген маалымат менен чектелди.
Андыктан, президентин иш сапарынын үзгүлтүккө учураганына кимдер күнөөлүү экенин атайын иликтөөлөр аныктап чыкканча демибизди басып турсак, туура болчудай.

Баса, бактыга жараша, Бишкектен алынган тест ажобузда коронавирус жок экенин аныктады.