Фейктер кимдер? Аларга каршы мыйзам керекпи? Депутат Г. Асылбаеванын мыйзамын талдайбыз

566

Бүгүң, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гюльшат Асылбаева тарабынан иштелип чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууга коюлду. Аталган мыйзам долбоору фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жана эгер бирөө-жарым Интернетте башка адам жөнүндө жалган маалымат таратып жатса, анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого жардам берет.

Муну менен депутат айым жалган маалымат жарыялагандардын артынан байкоо салууну жана мындай маалымат андан ары жайылбашы керектиги боюнча чечим чыгаруу милдетин маданият министрлигине жүктөөнү сунуштайт. Маданият министрлигинин чечиминен кийин колдонуучу же сайттын ээси жалган маалымат таратууну токтотуш керек болот. Эгер маданият министрлигинин чечими аткарылбай жатса, анда соттун чечими боюнча ал маалымат бөгөттөлүшү керек.

Мындан тышкары, интернеттин колдонуучулары өздөрүнүн чыныгы маалыматтарын көрсөтүшү керек болот, ал эми колдонуучулар жарыялаган маалыматтардын баары интернет-провайдерлерде жарым жыл бою сакталууга тийиш. Соттун сурамы боюнча провайдерлер бул маалыматты бериши керек. Маалыматтарды сактоо үчүн кымбат жабдыктарды ким сатып алышы керектиги тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган эмес. Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун өзү орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган.

Жанар Акаев:Мыйзам туура эмес! Элдин назарына калып жатабыз

Мыйзам долбоорунун айрым нормаларын техникалык жактан аткаруу кыйла оор. Интернетти көзөмөлдөө бүгүн техникалык жактан таптакыр мүмкүн эмес. Суроо жараткан жагдайлары көп мыйзам долбоору менен демилгечилер элдин бийликке каршы маанайын күчөтүп жатат. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатканда төмөндөгүчө оюн ортого салды

Акаевдин бир катар суроолоруна документтин демилгечиси Гюльшат Асылбаева так жооп бере алган жок. Мисалы, мыйзам өтсө, фейктерге кандай жаза колдонушулу мүмкүн? Эч кандай жаза аныкталган эмес.

«Анда мыйзамды эмнеге кабыл алып жатабыз? Жөн эле элдин бийликке каршы маанайын курчутуп жатыппыз да. Мыйзамдар жетиштүү, эгер кимдир бирөө мыйзам бузса, азыр деле алып келип, жоопко тартып жатат. Эгер өзүнүн атынан жазса, кечирим суратсаңар, анан алар коркот. Эми баарыбызды жамандайт. Фейктер мени көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салат. Бирок баарыбыз саясатка келген соң чыдашыбыз керек, коркпошубуз керек. 5 жыл ичинде «тыйыш керек, чектеш керек» деген маселелерди абдан көп карадык. Туура эмес! Элдин назарына калып жатабыз», — деди Акаев.

Эл өкүлү ошондой эле интернеттеги фейктерди аныктоо техникалык жактан мүмкүн эсетигин кошумчалады.

«Жөн эле убарагерчиликке түшүп, кетер алдында элдин маанайын түшүрүп жатабыз. Жөнөкөй, жаңылбай турган жерден жаңылып, системдик жактан ката кетирип жатабыз», — деп кошумчалады Акаев.

Дастан Бекешов: Бул мыйзам коомчулукка терс таасирин тийгизет

Дагы бир эл өкүлү Дастан Бекешов болсо мыйзам долбоорунда маалыматтын жалган экени кантип аныкталарын билбей убара. Сунушталган мыйзамда “социалдык тармакка, сайттарга жазылган маалыматтын чын же жалганын соту жок эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктайт” деп жазылган. 

“Жети жыл мурун ушул залда Батукаев өлүп калат деп жатып коррупциялык жол менен чыгып кетти эле. Төрт жыл мурда ишкерлерге бейиш түзүп беребиз дедик эле. Бүгүн чындыктай сезилген нерселер эртең жалган болуп чыгып жатат. Бүгүн жалган дегени эртең чын болуп чыгышы мүмкүн. Аны аныкташ кыйын. Демек, бул мыйзам коомчулукка терс таасирин тийгизет. Четке кагышыбыз керек. Мунун авторлору мамлекеттик сыйлыктарды алабыз деп ойлоп жатышат да. Бирок жашоо-турмуш башкача сыйлык бериши мүмкүн”, — деди Бекешев.

Канат Мидин уулу: Сөз эркиндигин чектегендик

Жарандык активист Канат Мидин уулу болсо мыйзамда болсо сөз эркиндигин чектегендик катары баалады. Анын баамында бул мыйзам атайын саясатта таасири бар адамдардын абаройун сактап, аларга каршы чыккандардын оозун жабуу үчүн иштелип чыкканын жашырган жок.

«Бул сөз эркендигин чектегендик. Кыргызстанда азыр миллиондогон адамдар соцтармактын активдүү колдонуучулары. Алардын эмне жазып, эмне кылып жатканын Маданият министрлигинде отурган 10 чакты адам жетише алабы? Алар маалыматтын тактыгына баа бериш үчүн эмне деген этаптан өтөт. Ал үчүн экспертизадан иргелет. Бул жерде мыйзамды кайсы бир саясий топторго, бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн ооз жабуу катары да иштелип чыккан десек болот. Бул бир жагы, экинчи маселе соцтармактын колдонуучусу чыныгы аты жөнүн кантип аныктайт. Ушул суроо дагы ачык бойдон турат»,-деди Канат Мидин уулу

Журналист, Жаныбек Эргешов: Азыр фейктер көбөйүп кетти. Ооздукташ керек

“Азыркы маалда соцтармактарда кайсы бир саясий топтор эки жаатка бөлүнүп, фейк аккуанттарды ачып, кырылышып, элге жалган жалаа маалымат менен сугарып жатышат. Журналисткада иштегениме 5 жыл болду. Акыркы күндөрү менен Фейсбугума тааныбаган эле адамдар достук жибергендер дагы арбын. Профилин ачып карасам өзүн эмес, чоочун эле адамдын сүрөтүн коюп салыптыр. Мындайлар өтө көп. Алар кайсы бир аткаминерди колдоп, коомдук пикир жаратуу үчүн ушак маалыматтарды таратып жатышат. Ошого аларды ооздуктоого убакыт келди деп ойлойм“,-деди Жаныбек Эргешов.

Хабибилла Азиреткулов ырчы, композитор: Сөз эркиндиги деп эле оозуна келгенди оттой бериш керекпи?


“Ар бир нерсенин чеги болуш керек. Сөз эркиндиги деп эле оозуна келгенди оттой бериш керекпи? Андай болбойт да. Фейк аккаунттар менен социалдык тармактарда коомдук пикир жаратып, элди дүрбөлөңгө салгандар көбөйүп кетти. Айрыкча агрессивдүү маанайдагы регионалисттер, саясий, диний фанаттар чектен ашып баратышат. Кызыл сызыктан өтүп, оозуна ээ боло албаган “демократтарга” мыйзамдуу түрдө сөзсүз чара колдонуш керек. Мен бул мыйзамды колдойм. Өтө эле резонанстуу талкуулар болгон жок фейктер менен, анда-санда пикир келишпестик тирешүүлөр болуп турат. Мыйзам долбоорун мен окуган жокмун, бирок азыр коомчулукта катуу талкуу болуп атпайбы. Негизги мазмуну түшүнүктүү. Ошонусу жетишерлик деп ойлойм..”

Талантбек Алиевич жарандык активист: Асылбаева сунуштап жаткан мыйзамда коркунучтуу ашыкча эч бир нерсе көргөн жокмун

Депутат Гульшат Асылбаева сунуштап жаткан мыйзамда коркунучтуу ашыкча эч бир нерсе көргөн жокмун. Мен үчүн кандай мыйзам жазылбасын анын конкреттүү түрдө иштегенинде. Биздин парламент мыйзамдарды жазып оптом эле кабыл алып, өткөрүүчү органга айланды. Жазылган мыйзамдар иштеп жатабы элге кандай пайдасы, зыяны тийип жатат эч кимдин чатагы жок. Мен ойлоймун депутаттар жазган мыйзамдардын көпчүлүгү мыйзамсыз. Себеби жыйында квота жок оптом эле мыйзамдарды кабыл алып жатышпайбы. Көзүбүз менен көрдүкко, бир депутат канча депутаттын ордуна добуш берип басып жүргөндөрүн бул мыйзамсыз болуп эсептелет. Азыркы 6 – чакырылыштагы парламент эң жаман деген ат менен тарыхта кала турган болду. Демек коом дагы деле өз өкүлдөрүн туура тандап алганга даяр эмес экен деген ойго келдим.

-Жеке сиз фейктердин каралоосуна туш болдуӊуз беле?

Ооба, бирок алардын фейк экенин, деңгээлдери ошондой пас экенин билип туруп көңүл бурбай өтүп кетем.

Психолог, Рысбек Качкынбай уулу : Фейк – бул адамдардын багытын, ой-пикирин өзгөртөт, адаштырат

Фейк информациялардын адамдарга өтө таасири бул – “жалган сөз ар дайым таттуу” дегендей, адамдар ишенип баштайт, ишенип калат. Мындай пикирди психолог Рысбек Качкынбай уулу айтат.

«Эмне себептен ишенет? Анткени, бир мисалды алсак, азыр Казакстанда пандемия чыкты дегенде бизде элдин баары чуркап барып, продуктыларын жүктөп башташты. Бул информациядан улам кыргыздар бизге пандемия келе электе эле алдын ала даярданып башташты. Азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап баштады. Ар бир информацияны адам кабыл алган сайын өз ич ара анализдейт, анан чечим чыгарат. Чечим чыгарганда адамдын эң биринчи интеллектуалдык деңгээли чоң ролду ойнойт. Адамдын интеллекти канчалык жогору болсо, критическое мышление деңгээли жогорураак болот. Ал информацияны кабыл алганда өзү аны ичинен иштетип, кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенине чечим чыгарганга жардам берет. Эң биринчи, фейк – бул адамдардын багытын, ой-пикирин өзгөртөт, адаштырат», – деп белгиледи психолог.

Булак: Кadam-media.kg