Алмаз Акматалиев мындай пикирин ЭлТР телеканалындагы «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкуулоого арналган «Интернет баарын батыра береби?» деген аталыштагы маекте билдирди.
«Бийликти жамандаганы үчүн эле ушундай теманы көтөрүп жатат деп ойлобош керек», — деген саясат таануучу бийликтин табияты ошондой болоорун, ал ар качан элдин сын көзүндө экенин, демек саясатка чыдагандар, жооп бере ала тургандар гана бааарын белгилеген.
«Саясат бул башка нерсе, саясаттан башка дагы көп нерсе болуп жатат. Этика болуп жатат, улуттук баалуулуктар болуп жатат, үрп-адат болуп жатат. Экстремисттик, диний, терроризм, согуш жана башкалар болуп жатат. Булардын баарын каякка алпарабыз. Же боло берсин деп эле көз жуумп коелубу?», — деп баса белгилеп , «кааласаң карабай кой, кааласаң окубай кой» деген позиция туура эмес деген көз карашын ортого салган.
«Ошол үчүн кыргыз коомунун алдында дагы бул маселе бышып жетип калды. Эми кандай жол менен аныктайбыз, кандай жол мен жөнгө салабыз, кандай жол менен чет элдин тажрыйбасын колдонубузбу же өзүбүздүн ички мыйзам ченемдүү нерселерибиз барбы деген маселелер турат. Бирок бул баары бир бышып жетилип калды»,- дейт Алмазбек Акматалиев.