Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын билдирүүсү боюнча бир сутка ичинде коронавирус илдетине чалдыккандардын саны Түркияда 1458 адамга көбөйүп, 21 адам каза болду.

«Бүгүн күнгө карата 1458 жаңы учур катталган жана жалпы жолунан 193 115 адам бул илдеттен жабыркаган. Бүгүн биз 21 бейтаптан ажырап калдык, ошентип каза болгондордун саны – 5046 адамды түзсө, 1472 адам оорудан айыгышкан», — деп жазып калтырган министр өз Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзүндө 9,2 миллиондон ашык адам оору жуктуруп алса, 480 миң адам бул дүйнө менен кош айтышкан.