«Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген, 10-июнда КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган», — деп билдирди КР финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган, анын ичинде:
-эмгек акы төлөөгө багытталган сумма — 2 859 млн сом;
-социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом;
— социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом;
ММКФга которууга – 455 млн сом.