Коом

Подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Рашидинов Руслан Кубанычбекович 1977-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. Билими жогорку, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2012-жылы РФнын Жарандык коргонуунун Академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

2003-2020 -жылдары Өзгөчө кырдаалдар мнистрлигинде ар кандай кызматтарда эмгектенип келген.

Подполковник Р.Рашидинов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат кылган мезгилинде өзүнүн тартиптүүлүгү, тажрыйбасын бөлүшкөндүгү менен өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү боло турган мыкты аскер кызматкери катары өзүн көрсөтө алды. Кызмат өтөөдөгү үзүрлүү эмгеги, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы кылган эмгектери үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болгон:

Подполковник Р.Рашидиновдун алган сыйлыктары

“Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн” II –даражадагы медалы

“Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” II-даражадагы медалы

КР ӨКМдмн “Ардак грамотасы”

“Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн” I –даражадагы медалы

“Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси.

Р.Рашидинов үй-бүлөөлүү 2 баланын атасы

Подполковник Р.Рашидиновдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып

З.Аскаров, Д.Алимбеков, Р.Рысбаев, К.Ахматов, А.Мамбетов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button