Коом

Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына жасалма дем алдыруучу аппараттары тапшырылды

Бүгүн 2020-жылдын 20-июль күнү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургуну Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Акунбеков Эрлист тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматына 2 даана жасалма дем алдыруучу медициналык аппараты тапшырылды.

«Эң негизги максат — эл менен тыгыз байланышта иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да кам көрүү зарыл, андыктан бизден жардам болсун деп ушул ИВЛ аппараттарын берип жатабыз, оорубаңыздар урматтуу орган кызматерлери» — деди өз сөзүндө Э. Акунбеков.

Ал эми Жалала-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Кылыч Жолдошов алгач демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип – «бүгүнкү аппараттардан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМден да 2 аппарат келди, бул медициналык каражаттар биздин медициналык кызматына берилет.

Учурда милиция кызматкерлеринин арасынан ооруга чалдыккандарга тез жана сапаттуу, өз убагында тиешелүү деңгээлде кам көрүп, медициналык жардам берүү максатында мобилдик топтор түзүлдү». Бул топтор кызматкердин үйүнө чейин барып медициналык жардам көрсөтүп аппараттарды үй шартында да коюп берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button